28

Апрель

2022

Район акимдери жана айыл өкмөт башчылары «Infodocs» электрондук документ жүгүртүү системасында иштөө боюнча окуудан өтүштү

img

 Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын жана айыл өкмөт башчыларын «Infodocs» электрондук документ жүгүртүү системасында иштөөгө окутуу аяктады. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында электрондук документ жүгүртүүнү ишке киргизүү процессин тездетүү боюнча тапшырмасын аткаруу алкагында маалыматтык-окутуу тренингдери өткөрүлдү. 2022-жылдын 25-27-апрелине чейин өткөн окууга жалпысынан 492 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер катышып, тренинг облустук жогорку окуу жайлардын жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын базасында бардык аймактарда бир эле учурда өткөрүлдү. 

Окуунун жыйынтыгында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер электрондук документ жүгүртүү боюнча автоматтык маалымат системасында иштөө боюнча практикалык көндүмдөрдү алышты. 

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын жана айыл өкмөт башчыларын «Infodocs» электрондук документ жүгүртүү системасында иштөөгө окутуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын калкасы астында Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын көмөгү аркылуу өткөрүлдү.