28

Апрель

2022

Ыкчам штаб коронавируска каршы чараларды жеңилдетүү жөнүндө кезектеги чечимдерди кабыл алды

img

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 28-апрелде Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү.
28-апрелге карата республикадагы коронавирустук инфекция боюнча эпидемиологиялык абал жана республиканын калкын коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн жүрүшү тууралуу баяндамалар угулду.
Мындан тышкары, жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар боюнча маалымат угулуп жана талкууланган сон, ыкчам штаб Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине кызыкдар мамлекеттик органдар менен бирдикте 2022-жылдын 1-майынан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттары аркылуу транспорттун бардык түрү менен өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары жана чет өлкөлүк жарандар үчүн коронавирустук инфекцияга каршы эмдөө сертификатын, же терс ПЧР тестин милдеттүү түрдө талап кылууну жокко чыгарууну тапшырды.

Ошондой эле Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте калктын аялуу катмарына басым жасоо менен эмдөөгө камтууну кеңейтүү жана анын темпин жогорулатуу аркылуу калкты коронавирус инфекциясына каршы эмдөө өнөктүгүн улантуу тапшырылды.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы № 93-б буйругун (өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө) күчүн жоготту деп таанууну караган чечимдин долбоору киргизилет.