02

Май

2022

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Акылбек Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады

img

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровго Орозо айт майрамына байланыштуу куттуктоо телеграммасын жөнөткөн. 

Куттуктоо катында кылымдар бою аздектелип келген Орозо айт майрамы мындан ары да элдерибиздин ортосундагы достук байланыштарды бекемдөөгө кызмат кылаары белгиленген.

«Биздин ырааттуу аракеттерибиз менен өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу жана келечектүү мамилелер мындан ары да кеңейтилет. Сизге – чың ден соолук, ишиңизге ийгилик, ал эми Кыргыз Республикасынын элине тынчтык, бейпилдик, үзгүлтүксүз өнүгүүнү жана бакубаттуулукту каалайм», - деп айтылат Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин куттуктоосунда.