02
Май
Азербайжан Республикасынын Премьер-министри Али Асадов Акылбек Жапаровду жана республиканын жалпы жарандарын Орозо айт майрамы менен куттуктады

Азербайжан Республикасынын Премьер-министри Али Асадов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровду жана Кыргыз Республикасынын жалпы жарандарын Орозо айт майрамы менен куттуктады.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун атына келип түшкөн куттуктоо катында ыйык Рамазан айынын жыйынтыкталышын билдирген Орозо айт майрамына байланыштуу жылуу каалоо-тилектер айтылат.
«Бул орозо майрамы терең руханий мааниге ээ, ал ишенимди чыңдоо, адеп-ахлактык жактан тазалануу жана өзүн-өзү өстүрүү сыяктуу аруу сезимдерди камтыйт. Орозо айт байыртадан эле жакшы иштер, муктаждарга кам көрүү менен коштолуп, жакшылыкка жана кайрымдуулукка үндөйт. Ушул ыйык майрам күндөрү Сизге жана боордош Кыргыз Республикасынын элине чың ден соолук, бакыт-таалай, бакубатчылык, тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм», - деп айтылат куттуктоодо.