07

Май

2022

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда алдыдагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын тактоо боюнча жумушчу топторунун биринчи жолугушуусу өттү

2022-жылдын 5-7-май күндөрү Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоону уюштуруу жана укуктук маселелерин макулдашуу боюнча жолугушуусу болуп өттү.  

Тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик-техникалык документтердин долбоорлорун талкуулап, макулдашышты.  

Жолугушуу достук  жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.  

Иш-чаранын жыйынтыгында Протоколго кол коюлду.   

Кийинки жолугушуу Өзбекстан Республикасынын аймагында өтөт.