09

Май

2022

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Акылбек Жапаровду жана өлкө жарандарын Улуу Жеңиш күнү менен куттуктады

img

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун атына 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнө карата куттуктоо телеграммасын жөнөттү. 

«Ушул белгилүү күнү биз фронттогу жана тылдагы оор сыноолордо күч аракетин жана өмүрүн аябастан, тынчтыкты жана эркиндикти коргогондордун бардыгын терең таазим менен эскеребиз.

Баатырлардын теңдешсиз эрдиги ыраазы болгон урпактардын эсинде түбөлүккө сакталат. 

Биздин жалпы тарыхыбыздын даңктуу барактары бүгүнкү күндө биздин өлкөлөрдүн элдеринин ортосундагы достукка бекем байдубал болуп кызмат кылып, көп кырдуу өзбек-кыргыз кызматташтыгы кеңейип жатканына ишенем. 

Кыргыз Республикасынын элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм», - деп айтылат куттуктоодо.