09
Май
Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко Акылбек Жапаровду жана өлкө жарандарын Улуу Жеңиш күнү менен куттуктады

Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко 1941-1945 жылдардагы Улуу Атамекендик согуштагы Жеңиш күнүнө карата Министирлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго куттуктоо телеграммасын жөнөттү.
«Бул ыйык майрам согуш жылдарындагы оор сыноолорун жеңип чыккан, жер жүзүндөгү тынчтыкты эрдик менен жан аябастан коргогон, фронттун жоокерлеринин жана тыл эмгекчилеринин эрдигинин жана баатырдыгынын символу.
Адамзаттын тарыхындагы эң Улуу эрдиктин эстелигин кылдаттык менен сактап, бүгүнкү күндө Беларусь Республикасы менен Кыргыз Республикасынын алдында турган милдеттерди биргелешип чечүү менен биз заманбап дүйнөнүн чакырыктарына натыйжалуу каршы тура алабыз деп ишенем. Туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүү жана биздин өлкөлөрдүн жарандарына бакубат жашоо каалайм», - деп белгиленет куттуктоодо.