09

Май

2022

Казакстан Республикасынын Премьер-министри Алихан Смаилов Акылбек Жапаровду жана республиканын жарандарын Жеңиш күнү менен куттуктады

img

Казакстан Республикасынын Премьер-министри Алихан Смаилов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровго 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнө байланыштуу куттуктоо телеграммасын жөнөттү.

«Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгын майрамдоого байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Согуш майданындагы жоокерлер жана тылда эмгектенгендер биздин жеңишибизге өз салымын кошкондугу ар дайым эсибизде. Улуу Жеңиш күнү урпактарыбыздын жаркын келечеги үчүн жан аябастан салгылашкан элдерибиздин биримдигинин жана баатырдыгынын символу катары түбөлүккө кала берет. Согуштун оор кыйынчылыктарын башынан өткөргөн элдерибиздин ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелер мындан ары да чыңдалып, өнүгө берерине ишенем», – деп айтылат текстте.

Куттуктоодо ошондой эле Кыргыз Республикасынын бир тууган элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү тууралуу каалоо-тилектер жазылган.