17

Май

2022

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсалов Баткен мамлекеттик университетинин ишмердүүлүгү менен таанышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Баткен мамлекеттик университетинин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Университетке болгон сапарынын алкагында Эдил Байсалов окуу процесси менен таанышып, жогорку окуу жайларды реформалоо, окутуунун жаңы ыкмаларын киргизүү жана техникалык адистиктерге кесиптик багыт берүү зарылдыгын белгиледи.

«Билим берүү жана илим министрлиги жыл сайын бүтүрүүчүлөрдүн жогорку окуу жайларга тапшыруудагы босого баллдарын төмөндөтүп келген. Быйыл жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча босого балл төмөндөбөйт. Босого баллга жете албаган мектеп бүтүрүүчүлөрү даярдоо бөлүмдөрүнө тапшыра алышат же кесиптик билим алууга өтүшөт”. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Баткен мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы менен жолугушууда билдирди.

Ал университеттин профессордук-окутуучулук курамын аймактык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен билим берүү системасын реформалоо боюнча талкууларга активдүү катышууга чакырды. 

«Учурда ата мекендик университеттердин жана академиялардын окуу пландары экономиканын жана рыноктун заманбап талаптарына жооп бербейт. Жогорку билим берүү системасы түп-тамырынан бери өзгөрүүгө муктаж. Жогорку билимдин болушун укуктук жактан негиздеген көрүнүштөн алыстап кетүүгө убакыт жетти.  Биздин бүтүрүүчүлөрүбүздүн көпчүлүгүнүн жогорку билими тууралуу дипломдору үйдөгү текчеде чаң басып жатканы жашыруун эмес», - деп сөзүн жыйынтыктады министрдин орун басары.

Белгилей кетсек, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов иш сапары менен Баткен облусунда жүрөт. Жумушчу сапарынын алкагында бир катар социалдык жана билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгү менен таанышып, Баткен шаарындагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушат жана  жогорку билим берүү системасын реформалоо боюнча жыйын өткөрөт.