29
Апрель
2022
Каныбек Курманбековдун 80 жылдык маракесине карата “Күн тоскон терезе” аттуу китебинин ачылыш аземи болуп өттү
Бүгүн, 29-мартта Аман Токтогулов атындагы Талас облустук китепканада Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги Каныбек Курманбековдун 80 жылдык маракесине карата “Күн тоскон терезе” аттуу китебинин ачылыш аземи болуп өттү.
Иш чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков жана маркум Каныбек Курманбековдун туугандары, жакын санаалаштары, кесиптештери жана чыгармачыл чөйрөнүн адамдары катышты.Облус башчысы өз сөзүндө : “Каныбек агабыз бир гана дасыккан тажрыйбалуу жетекчи гана эмес көркөм сөздүн устаты, кыш кынагандай чеберчилик менен ыр жазган, комузда ойноп ырдаган чыгармачыл адам болгонун китебин окуп чыгып билип турабыз. Демек, Каныбек Курманбеков агабыз эми элине такыр башка нуктан көрүнүп турмуштагы баалулуктар мезгил менен тең жарышкан өмүр саптары, лирикалык ырлары аркылуу окурмандардын жүрөгүнөн орун табат деп ишенем” деди.
Иш чаранын алкагында Каныбек Курманбековдун алган сыйлыктары көргөзмөгө коюлуп анын калемине таандык ырлар көркөм окулду.