23

Май

2022

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсалов иш сапары менен Ош шаарына барды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов иш сапары менен Ош шаарында болду.

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары түштүк борбордогу мектептердин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуп, өлкө жетекчилиги тарабынан билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан иштер, жогорку окуу жайдан күтүлүп жаткан натыйжа жана атаандаштыктын артыкчылыктары тууралуу айтып, студенттердин суроолоруна жооп берди. 

Андан ары Эдил Байсалов Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде, Кыргыз-Өзбек университетинде, №16 кесиптик лицейде жумушчу жолугушууларды өткөрүп, Ош шаардык клиникалык ооруканасында болду.

Мындан сырткары  Эдил Байсалов Ош шаарында биринчи жолу өтүп жаткан бел боо күрөшү боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында «Алыш» Азия чемпионатынын ачылыш аземине да катышты.

Турнирге дүйнөнүн 11 өлкөсүнөн 300гө жакын спортчу катышууда жана мелдештер күзүндө Изник шаарында (Түркия Республикасы) өтө турган IV Дүйнөлүк оюндарына тандоонун экинчи этабы болуп саналат.