23
Май
«Айыл чарбасын каржылоо – 10» долбоорун ишке ашыруунун алкагында жалпы суммасы 3 миллиард 396,5 миллион сомго 6 миң 746 насыя берилди

«Айыл чарбасын каржылоо – 10» долбоорун ишке ашыруунун алкагында бүгүнкү күндө жалпысынан 3 миллиард 396,5 миллион сомго 6 миң 746 насыя таратылды.
Анын ичинен 5557 насыя күрөөсү менен жалпы 3 миллиард 155,1 миллион сомго, ал эми 241,4 миллион сомдук 1189 насыя күрөөсүз берилген.
Айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүу багытында күрөө коюлган шартта 868,8 млн сом суммасында 1840 насыя, 128,7 млн сомго күрөөсүз 640 насыя берилди.
Мал чарбасын өнүктүрүүгө күрөө менен 1 миллиард 881,6 миллион сомдук 3572, күрөөсүз 112,6 миллион сомго 549 насыя берилген.
Айыл чарбасынын кайра иштетүү чөйрөсүн өнүктүрүү жана кызмат көрсөтүү үчүн күрөөлүк негизде 404,6 млн сом суммасында 145 насыя таратылган.