27
Май
2022
Бакытбек Нарбеков, Беларусь Республикасынын Лида шаарында атайын жумушчу иш сапары менен болуп кайтты
24-майдан 26-майга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, Беларусь Республикасынын Лида шаарында атайын жумушчу иш сапары менен болуп кайтты.
Иш сапардын негизги максаты: жергиликтүү тургундар элдик жыйындарда көтөрүлгөн комбайн сатып берүү жөнүндөгү өтүнүчүн ишке ашыруу болуп саналат.
Бакытбек Нарбеков, Лида шаарында жайгашкан “Лидагропроммаш” ААКсына Талас облусунун дыйкандары үчүн 8 даана комбайн сатып алуу келишимин түзүү ниети менен барды. Бирок, “Лидагропроммаш” АККсында жаңы комбайндардын баасы 120-150 миң АКШ долларын түзөрү белгилүү болду.
Андыктан Бакытбек Нарбеков, 20 жылдан бери КМШ өлкөлөрү боюнча экинчи рыноктогу комбайндарды сатуу менен алектенген башка Беларусь компаниясына барып сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында экинчи рыноктогу комбайндарды техникалык жаткан толук ремонттон өткөрүп, тийиштүү тетиктерин жаңылап берүү милдеттемелерин Беларусь компаниясы моюнга алды.
Жыйынтыгында, 8 комбайнды дан эгиндерин оруп жыюу өнөктүгү башталганга чейин Талас облусуна алып келип компаниянын өкүлдөрү тийиштүү айыл өкмөттөргө тапшырып берүү жагы макулдашылды.