27
Май
2022
Кыргыз Республикасынын чек ара кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди
Бүгүн, 27-майда Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, "20 29" аскер бөлүгүндөгү “28-май Кыргыз Республикасынын чек ара кызматкерлеринин кесиптик майрамына” арналган салтанаттуу иш чарага катышты.
Облус башчысы өз куттуктоо сөзүндө : Мамлекет чегинде өз мекенин коргоп туруу татаал, жоопкерчиликтүү иш, ошол эле учурда ардактуу милдет. Чек арачыларыбыздын каармандыгы жана мекенчилдиги өлкөбүздүн коопсуздугунун кепилдиги. Мекен алдындагы парзыңыздарды ар-намыстуулук менен аткарып жатканыңыздар үчүн сиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай жана ишиңиздерге албан ийгиликтерди каалайм” деди.
Салтанаттуу иш чаранын жүрүшүндө алдыңкы чек арачылар куралдуу күч түзүмдөрүнүн жана күч органдарынын “Ыраазычылык каттары”, “Ардак Грамоталары” жана медалдар менен сыйланды. Ошондой эле, бир нече чек арачыга кезектеги аскердик наамдар ыйгарылды.