31

Май

2022

Айнура Султанбаева жамаатка тааныштырылды

Кыргыз Республикасынын Президентинин  Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалган Султанбаева Айнура Жолдошбековнаны Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары Мирбек Кожоев жамаатка тааныштырды. 


Ага Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов, мекемелердин жетекчилери жана облус активдери катышты. 
Султанбаева Айнура Жолдошбековна 1974-жылы Чүй облусунун Кемин районундагы Ильич айылында туулган. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин (Экономика, финансы жана кредит) жана Кыргыз Рсепубликасынын Президентине караштуу Башкаруу Академиясын (Мамлекеттик башкаруу) аяктаган. 


Иш тажрыйбасы:
-2002-2002 – Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги – жетектөөчү адис;
-2002-2008 – Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы – 1-категориядагы адис;
-2008-2009 – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлүгүнүн референти;
- 2009-2017 – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты – билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн эксперти;
- 2017-2019 – Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары;
- 2019-2019 –  Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлиги – министрдин кеңешчиси;
-2019-2021 – Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлиги – маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу;
-2021-2021 – Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту – илимий кызматкер;
-2022 – Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин камсыз кылуу боюнча тобунун башкы адиси (Кыргыз Республикасынын Президентинин жана министрлер Кабинетинин чечимдерине лингвистикалык экспертиза жүргүзүү);
-2022-жылдын апрель айынан азыркы мезгилге чейин – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы – Президенттин жана Министрлер Кабинетинин актыларды, башка актыларды редакциялоо жана которуу бөлүмүнүн эксперти.