31

Май

2022

Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын аймагынан шекерди экспорттоого убактылуу тыюу салды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кумшекерди жана чийки камыш кантты өлкөдөн алып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу киргизди. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.

Токтом Кыргыз Республикасынын аймагынан кумшекерди массалык түрдө экспорттоо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана кант рыногунда бааны кармап туруу максатында иштелип чыккан.