01
Июнь
2022
1-Июнь — Балдарды коргоо күнүнө карата куттуктоо
Урматтуу ата-энелер, сүйүктүү балдар, 1-Июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү кут болсун!
Балдар – биздин бактыбыз, келечегибиз, жашообуздун жарыгы жана маңызы. Ар бир бала мээримге бөлөнүп, бактылуу балалыкта, татыктуу жашоодо чоңойууга укуктуу.
Дени сак, адептүү, акылдуу, билимге умтулган балдарды тарбиялоо үчүн мамлекет, ата-энелер, жалпы эле чоңдор аларды зордук-зомбулуктан, турмуштун суугунан коргоп, мээрим төгүп, туура жол көрсөтүп тарбиялашыбыз керек. Келечек ээлерин коргоп алуу – биздин милдетибиз.
Кымбаттуу кичинекей мекендештер!
Баарыңарга бактылуу балалык, бекем ден соолук жана жаркын келечек каалайм. Алдыга койгон максаттарыӊар, таттуу кыялдарыӊар орундалсын!