04

Июнь

2022

Саламаттык сактоо министринин орун басары Бектурганов Улук-Бек Бектурсунович ээлеген кызматынан бошотулду

img

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары – Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык врачы Бектурганов Улук-Бек Бектурсунович ээлеген кызматынан бошотулду. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. 

Аталган чечим «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык кабыл алынды.