04
Июнь
2022
Саламаттык сактоо министринин орун басары Ташиев Жапаркул Актаевич ээлеген кызматынан бошотулду
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Ташиев Жапаркул Актаевич ээлеген кызматынан бошотулду. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Аталган чечим «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык кабыл алынды.