04

Июнь

2022

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кувейт Араб экономикалык өнүктүрүү фондунун департаментинин директору Абдулла Халил Аль-Мисайбих менен жолугушту

img

Кыргыз делегациясынын Ислам өнүктүрүү банкынын башкаруучулар тобунун жыл сайын өтүүчү 47-жыйналышына катышуусу алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кувейт Араб экономикалык өнүктүрүү фондунун операциялык департаментинин директору Абдулла Халил Аль-Мисайбих менен жолугушту.  

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо, жолдорду реконструкциялоо жана инфраструктурасын жакшыртуу жаатындагы долбоорлорду ишке ашырууда кызматташуу маселелерин талкуулашты. 

Мындан тышкары, Араб координациялык тобунун мүчөлөрүнүн катышуусунда Кыргыз Республикасында Төртүнчү тегерек столду өткөрүү маселелери талкууланды.