04
Июнь
2022
Арыкбаева Бубужан Камчыбековна саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды
«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Арыкбаева Бубужан Камчыбековна Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары – Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык врачы болуп дайындалды. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.