04

Июнь

2022

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Сауд өнүктүрүү фондунун башкы аткаруучу директору Султан Абдулрахман Аль-Маршад кызматташтыктын келечектүү маселеле

img

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Сауд өнүктүрүү фондунун башкы аткаруучу директору Султан Абдулрахман Аль-Маршад соода, туризм, жашыл экономика, суу ресурстары, чакан жана ири ГЭСтерди куруу, ошондой эле турак-жай куруу жаатындагы долбоорлорду жана кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулады. 

Арзыбек Кожошев Сауд өнүктүрүү фондунун башкы аткаруучу директорун жакын арада өтө турган Кыргыз-Сауд инвестициялык форумуна жана Араб координациялык тобунун катышуусунда өтүүчү Төртүнчү тегерек столго катышууга чакырды. 

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Ислам өнүктүрүү банкынын башкаруучулар тобунун жыл сайын өтүүчү 47-жыйынына (Шарм-Эль-Шейх шаары, Египет Араб Республикасы) катышууда.