07

Июнь

2022

Акылбек Жапаров: Миграциянын терс кесепеттерин жоюп, оң таасирин күчөтүүнү үйрөнүшүбүз керек

Биз миграциянын терс таасирин жоюуну үйрөнүп, оң таасирин күчөтүшүбүз керек. Бул тууралуу “Миграция жана өнүгүү: перспективалар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр” аттуу эл аралык форумдун жүрүшүндө Кыргыз  Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Министерлер кабинетинин башчысы белгилегендей, Дүйнөлүк банктын отчетуна ылайык, бир нече жылдан бери кирешеси төмөн жана орто өлкөлөргө акча которуулардын агымы чет өлкөлүк түз инвестициялардын жалпы суммасынан жана өнүктүрүүгө расмий жардамдын көлөмүнөн ашып кеткен. 

“Бул каражаттар мигранттардын үй-бүлөлөрүнүн экономикалык жашоосун колдоо жана суроо-талапты стимулдаштыруу менен чектелбейт. Бүгүнкү күндө мигранттар өздөрү жана алардын үй-бүлөлөрү тапкан акчасын бизнес долбоорлорго жумшоону үйрөнүп жатышат. Акча которуулар олуттуу мультипликативдик эффектке ээ, алуучунун үй чарбасынан тышкары экономикадагы кирешенин деңгээлин жогорулатат. 

Андан да маанилүүсү, мигранттар өлкөлөр ортосундагы инновациялардын жана жаңы технологиялардын агенттери болуп калышат. Демек, миграция өнүгүүнүн эң маанилүү факторлорунун бири болуп саналат», - деди ал.

Акылбек Жапаров акыркы 5 жылда өлкөбүзгө акча которуулардын жылдык көлөмү 2 миллиард АКШ долларынан ашканын, бул ИДПнын орточо 1/3 бөлүгүнө (31,6%) барабар экенин кошумчалады.

«Изилдөөлөргө ылайык, биздин мигранттар тапкан акчасынын 30% үй-тиричилигине жумшашат, 30% үйлөрүнө жөнөтүшөт жана акчанын 30%га жакынын кабыл алган өлкөнүн банктарында депозиттерде сакташат.

«Биз бул каражаттарды тарта алмакпыз. Эми мамлекеттик банктардын ар бирине («РСК-Банк», «Айыл Банк», «Керемет» ачык акционердик коомдору жана ушул айда түзүлө турган Өнүктүрүү банкы) Россия Федерациясында гана эмес, башка мамлекеттерде да филиалдарын ачуу милдети коюлган. Мигранттар өз каражаттарын инвестициялоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу үчүн «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомунун уставдык капиталы 5 млрд сомго чейин көбөйтүлдү. Жакынкы аралыкта бул компаниянын капиталын 8,5 миллиард сомго жеткирүүнү пландап жатабыз. Башка өлкөлөрдө иштеп жүргөн мигранттарыбыз өз мекенинен турак жай сатып алса болот. Мындан тышкары өлкөнү индустриялаштыруу менен алектене турган «Кыргызиндустрия» ишканасы ишке кирди. 

Азыр ишкана бизнес-долбоорлорду иштеп чыгууда жана жакынкы аралыкта ага мигранттар да ата мекендик өнөр жайды колдоого катыша алышы үчүн Кыргыз фондулук биржасына жана эл аралык биржаларга чыгуу тапшырмасы берилди. «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» компаниясы да түзүлдү, ал дагы мигранттардын мекенине салым кошуу объектилеринин бири болот деп ишенем», - деди ал.

Министрлер кабинетинин башчысы эл аралык миграция жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, ошол эле учурда дүйнө жүзү боюнча коомчулук үчүн жаңы көйгөйлөрдү активдештирет деп сөзүн улантты.

«Биз миграциянын терс таасирин нейтралдаштырууну үйрөнүп, анын оң таасирин күчөтүшүбүз керек. Мүмкүнчүлүктөр менен иштөөнү өздөштүрүп, мекендештердин жашоо деңгээлин жогорулатуу жана ата мекендик экономиканы өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүшүбүз кажет. Андыктан өлкө жетекчилиги өсүп келе жаткан муундун билим алуусуна көбүрөөк каражат бөлүүнү чечти. Биздин жаштар билимдүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү болуп, үй шартында жашап, бүткүл дүйнө менен аралыктан иштөө үчүн дүйнө жүзү боюнча талап кылынган көндүмгө ээ болушу керек», - деди ал.