08
Июнь
Ноокендин Достук айылындагы төрт көчөгө асфальт төшөлдү
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл аймагындагы Фрунзе 1, Фрунзе 2, Алыкул Осмонов жана Кулатов көчөлөрүнө жалпы узундугу 1 чакырым, 800 метрди түзгөн жолго асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди.
Ноокен районунун социалдык –экономикалык өнүктүрүү планына ылайык Достук айыл аймагындагы инфраструктураны жакшыртуу, элге шарт түзүү аракеттери колго алынган. Ага ыйлайык аталган долбоордун 95 пайызы райондун өнүктүрүү фондунан, 5 пайызы жергиликтүү бюджеттен каржыланып, 10 млн сомдон ашуун каражат жумшалган.
Жолдорду пайдаланууга берүү салтанатына Жогорку Кеңештин депутаттары, район акими Таалайбек Ишенбеков жана айыл тургундары катышты.