09

Июнь

2022

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Нур-Султан шаарында жумушчу сапары менен жүрөт

img

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Нур-Султан шаарында (Казакстан Республикасы) жумушчу сапары менен жүрөт. 

Жумушчу сапардын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин жыйынына катышат, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйынын өткөрөт.