13
Июнь
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев аялдар күрөшү залынын курулушунун жүрүшүн көзөмөлдөдү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Бишкек шаарындагы «Жаштык» спорт комплексинини аймагында курулуп жаткан аялдар күрөшү боюнча улуттук курама командасынын спорт залынын курулушунун жүрүшүн көзөмөлдөдү.
Арзыбек Кожошев курулуштун жүрүшү менен таанышып, курулуштун темпи жана объектинин курулушун аяктоо мөөнөттөрү тууралуу подрядчылар менен пикир алышты. Ошондой эле «Жаштык» спорт комплексин оңдоо боюнча план сунушталды.
Куруучулар баардык иштер графикке ылайык жүргүзүлүп, 2022-жылдын 25-августуна чейин толук жыйынтыкталарын билдиришти.
Белгилесек, 2022-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аялдар күрөшү боюнча улуттук курама командасы үчүн спорттук залдын курулушуна капсула салынган, анда спортчулардын толук кандуу машыгуусу жана калыбына келиши үчүн бардык шарттар каралган.