14
Июнь
Акылбек Жапаровдун «Дордой Food» азык-түлүк базарынын ишкерлери менен жолугушуусунда айткан билдирүүсү боюнча
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун «Дордой Food» азык-түлүк базарынын ишкерлери менен жолугушуусунда айткан билдирүүсүнө тийиштүү төмөнкүлөрдү билдиребиз, кеп Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Жанибек Жоробаев тууралуу жүргөн.
Аталган жетекчиге карата кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын алкоголдук тармактагы ири субъектилердин ишмердүүлүгүнө тиешеси бар экендиги аныкталган. Буга байланыштуу аны ээлеген кызматынан бошотуу чечими кабыл алынган.
Убакыттын өтүшү менен алкоголдук тармактан түшкөн салыктын көлөмүнүн өсүшү байкалган.
Буга байланыштуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун сөздөрүн туура чечмелөөнү өтүнөбүз.