14

Июнь

2022

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жамаатына директордун орун басарларын тааныштырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жамаатына директордун жаңы орун басарларын тааныштырды.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин орун басарлары болуп Нурадил Баясов жана Нуржан Бардинова дайындалган.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев алардын ишине ийгиликтерди каалап, Инвестициялар боюнча агенттиктин алдына коюлган милдеттерди белгиледи.

«Биздин өлкөгө инвестиция тартуу экономикалык саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ишке ашырылууга тийиш болгон амбициялуу милдеттер коюлду. Ал үчүн бардык күч-аракетиңиздерди жумшайсыздар деп ишенем», - деп жыйынтыктады Арзыбек Кожошев.