14
Июнь
Бакыт Төрөбаев Азербайжандын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Латиф Гандилов менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасындагы Азербайжан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Латиф Гандилов менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча биргелешкен Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү маселесин талкуулады.
Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын Президентинин Азербайжан Республикасына расмий сапарынын жүрүшүндө эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.