16

Июнь

2022

Акылбек Жапаров: Кыргыз Республикасы тоо экосистемаларын коргоого жана климаттын туруктуулугуна багыт алды

Дүйнөдөгү климаттын өзгөрүшүндө аяр саналган өлкөлөрдүн бири болгон Кыргыз Республикасы климаттын өзгөрүшүнүн глобалдык көйгөйүнүн маанилүүлүгүн түшүнөт жана аны ийгиликтүү чечүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо. Буга байланыштуу биздин өлкө жаратылышты коргоо тармагында эл аралык кызматташтыкты илгерилетүү боюнча бир катар демилгелерди көтөрдү. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) өтүп жаткан «COVIDден тышкары – Борбордук Азиядагы адилеттүү калыбына келтирүүгө карай жол» Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча экинчи аймактык саммитте билдирди.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы БУУнун Башкы ассамблеясынын 75-сессиясынын «Жаратылыш чек араны билбейт: трансчек ара кызматташуусу – биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун, калыбына келтирүүнүн жана туруктуу пайдалануунун негизги фактору» резолюциясынын кабыл алынышын БУУга мүчө-мамлекеттердин кызматташуу маселеси боюнча бирден бир резолюциясы катары белгиледи. 

«Тандалган экологиялык курсту ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2022-жыл өлкөбүздө Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланып, тиешелүү Жол картасы бекитилген. Анын алкагында токой аянтын жылына 5-6 млн даракка көбөйтүү аркылуу өлкөнүн климаттык туруктуулугун жогорулатуу максатында «Жашыл мурас» улуттук кампаниясы башталган», - деди Акылбек Жапаров жана Кыргыз Республикасы ошондой эле БУУнун тоо токойлорун сактоо боюнча атайын программасын иштеп чыгууну жактаарын жана эл аралык өнөктөштөрдү жана уюмдарды бул демилгелерди илгерилетүү боюнча биздин кампанияга катышууга чакыраарын кошумчалады.

Ал белгилегендей, республиканын демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын “Эл аралык тоолорду туруктуу өнүктүрүү жылы” резолюциясы жана ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 41-сессиясынын “Тоо мөңгүлөрүн мониторингдөөнү жана изилдөөнү кеңейтүү” резолюциясы кабыл алынган. 

Ошондой эле Кыргыз Республикасы БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясына “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерди” жарыялоо боюнча резолюцияны сунуштоого ниеттенүүдө.