16

Июнь

2022

Акылбек Жапаров БУУ Башкы катчысынын орун басары Уша Рао-Монари менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын орун басары, Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын администраторунун орун басары Уша Рао-Монари менен жолугушту.

Министрлер Кабинетинин башчысы өлкө жетекчилигинин Кыргыз Республикасынын улуттук артыкчылыктарын жана кызыкчылыктарын эске алуу менен Туруктуу өнүктүрүү максаттарын жактай тургандыгын белгилеп, бул максаттар жаңы стратегиялык документте – 2026-жылга чейин мамлекетти өнүктүрүүнүн Улуттук программасында чагылдырылганын кошумчалады.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Акылбек Жапаров артыкчылыктуу багыттарга, анын ичинде санариптик технологияларды, креативдүү экономиканы жана жашыл экономиканы өнүктүрүүгө басым жасады.

«Биздин алты миллион калкыбыздын жарымынан көбү 25 жашка чейинкилер болгондуктан, Кыргыз Республикасынын Президенти балдарга жана жаштарга билим берүүнүн жана саламаттыкты сактоонун деңгээлин жакшыртууну улуттук максат катары жарыялады. Бул максатты ишке ашыруу мугалимдердин эмгек акысын 80% кем эмес жогорулатуу менен башталды. Биз так илимдер, математика, маалымат технологиялары жана чет тилдер боюнча жогорку квалификациялуу мугалимдердин жаңы муунун тартуу жана аларды даярдоо боюнча активдүү кампанияны баштайбыз», - деди Акылбек Жапаров. 

Өз кезегинде БУУнун Башкы катчысынын орун басары, БУУ өнүктүрүү программасынын администраторунун орун басары Уша Рао-Монари Кыргыз Республикасына жашыл экономиканы, төмөнкү көмүртектүү трансформацияны өнүктүрүүдө, биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо жана сактоодо жана адамзаттын өнүгүүсүнө багытталган башка багыттар боюнча колдоо жана жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. 

Белгилесек, жолугушуу Алматы шаарындагы (Казакстан Республикасы) «COVIDден тышкары – Борбордук Азиядагы адилеттүү калыбына келтирүүгө карай жол» Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча экинчи аймактык саммиттин алкагында өттү.