16

Июнь

2022

Акылбек Жапаров Петербургдагы XXV эл аралык экономикалык форумдун ишине катышат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров 17-июнда Петербургдагы XXV эл аралык экономикалык форумдун ишине катышат.

Министрлер Кабинетинин башчысы «Евразиялык экономикалык биримдик: интеграциянын жаңы сапаты» панелдик сессиясында сөз сүйлөйт.

Форум алкагында Акылбек Жапаров бир катар компаниялардын жана мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрөт.

Маалымдама: Петербургдагы XXV эл аралык экономикалык форум туруктуу өнүгүүнү камсыздоо максатында глобалдык экономиканын негизги маселелерин талкуулоо жана алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбаларды жана компетенцияларды алмашуу үчүн эл аралык аянтча болуп саналат.