17
Июнь
Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров жана Россия Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Петербургдагы XXV эл аралык экономикалык форумдун алкагында жолугушу өткөрдү.
Акылбек Жапаров белгилегендей, россиялык тарап салттуу түрдө форумду жогорку деңгээлде уюштурду, ал экономикалык кызматташуунун эң актуалдуу аспектилери боюнча кадыр-барктуу эл аралык пикир алышуу аянтчасына айланган.
«Россия Федерациясы Кыргыз Республикасынын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири жана соода жүгүртүү көлөмү боюнча биринчи орунда турат. Үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында өз ара соода жүгүртүү 573,1 млн АКШ долларын түзүп, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21,4%га өскөн. Биз соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдарбыз», - деди ал.
Министрлер Кабинетинин башчысы ошондой эле фискалдаштыруу маселелеринде техникалык жардам көрсөткөндүгү үчүн россиялык тарапка ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук соода-экономикалык, транспорт жана энергетика тармагындагы эки тараптуу кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.
Тараптар эки тараптуу кызматташуунун жана интеграциялык бирикменин алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.