21

Июнь

2022

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун Минскиде өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынтыгы боюнча билдирүүсү

Минск шаарында (Беларусь Республикасы) Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн билдирүү жасады.

Төмөндө билдирүүнүн толук тексти келтирилет:

«Урматттуу мырзалар жана айымдар, 

Бүгүн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.  

Белорус кесиптештерибизге кеңешмени жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирем.

Жыл башында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров тарабынан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин төрагасы катары ЕАЭБтин артыкчылыктуу багыттары белгиленип, аны ишке ашырууга багытталган Евразия экономикалык комиссиясынын алгылыктуу ишин белгилеп кетким келет.

Алар 2025-жылга чейин экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарында белгиленген максаттарга жетүү, “төрт эркиндик” принцибин камсыздоо, импортту алмаштыруу боюнча кооперативдик долбоорлорду ишке ашыруу, биримдиктин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселелери.

Дүйнөлүк экономикалык жөнөкөй эмес кырдаалга карабастан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн соода жүгүртүүсүндө өсүш байкалууда. 

Кеңешменин жүрүшүндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоого багытталган бир катар маселелер каралып, Комиссиянын төмөнкүдөй баяндамалары угулду:

–  Биримдиктин интеграцияланган маалыматтык системасынын учурдагы абалы жана анын өнүгүү келечеги жөнүндө;

– «Чыгыш-Батыш» жана «Түндүк-Түштүк» багыттары боюнча, анын ичинде «Бир алкак, бир жол» кытай демилгеси алкагында ЕАЭБ транспорттук инфраструктурасын түзүү жана өнүктүрүү жөнүндө;

– Биримдиктин санариптик күн тартибинин алкагында долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө.

Тараптар төмөнкү маалыматтарды укту:

-  2021-жылга карата чек ара рынокторунда атаандаштыктын абалы жана жалпы атаандаштык эрежелери жаатындагы чаралар жөнүндө;

– ЕАЭБде идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркировкалоону киргизүү жөнүндө.  

Мындан тышкары, евразиялык интеграциянын алкагында өз ара аракеттешүүнүн башка актуалдуу маселелери боюнча мазмундуу пикир алмашуу болду.

Бүгүнкү кеңешменин жыйынтыгы евразиялык интеграциянын бардык катышуучуларына пайда алып келет жана биздин өлкөлөрдүн жарандарынын жашоо сапатын жакшыртууга салым кошот деп ишенем.

Бүгүнкү кеңешмеде кабыл алынган маселелерди кененирээк чагылдыруу үчүн Михаил Владимирович Мясниковичке сөз беремин.

Рахмат».