21
Июнь
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Мннскидеги Жеңиш Монументине гүлчамбар коюу аземине катышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Минск шаарына жумушчу сапарынын алкагында Евразиялык Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуучу делегация башчылары менен биргеликте Мннск шаарындагы Жеңиш Монументине гүлчамбар коюу аземине катышты.
Андан соң Министрлер Кабинетинин башчысы «Великий камень» Кытай-Беларус индустриалдык паркынын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Белгилей кетсек, «Великий камень» Кытай-Беларус индустриалдык паркы Минск шаарынан 25 км алыстыкта жайгашкан. Бул атайын экономикалык аймак, анда 15 өлкөдөн 90 резидент катталган. Парктын курулушу 2015-жылы башталган. Ишинин негизги багыттары – электроника жана телекоммуникациялар, майда химия жана биотехнологиялар, жаңы материалдар, фармацевтика, медициналык буюмдарды өндүрүү жана башкалар.
2021-жылдын ноябрь айында парктын администрациясы “Нарын” ЭЭА менен кызматташуу келишимине кол койгон. Буга байланыштуу Акылбек Жапаров бул багытта, анын ичинде Бишкек шаарынын ЭЭА тарабынан да кызматташууну тереңдетүү зарылдыгын белгиледи.
Андан соң Минск шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы «Беларус Улуттук илимдер академиясынын Идентификация системалары борборунун» өкүлдөрү менен жолугушту, анын негизги иши маалымат ресурстарынын ишин уюштуруу, алардын автоматтык идентификациясы, ошондой эле Беларусь Республикасындагы товардык бөлүштүрүү тармактарында жана электрондук соода процесстеринде электрондук документ жүгүртүүнү камсыз кылуу.
Акылбек Жапаров белгилегендей, продукцияга байкоо жүргүзүү аны өндүрүш процессинен тарта акыркы колдонуучуга чейин байкоо салууга мүмкүндүк берет. «Бизге «фермадан столго чейинки» форматындагы товарларды идентификациялоо боюнча беларуссиялык кесиптештердин тажрыйбасы маанилүү.
Биз чоң транзиттик потенциалы бар агрардык республика катары бул тармакты өнүктүрүү үчүн бардык ресурстарды колдонууга ниеттенип жатабыз», - деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда кызматташуунун форматын иштеп чыгууну тапшырды.