23

Июнь

2022

БДСУ КР өлкөлүк офисинин башчысы Назира Артыкова Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланды

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (БДСУ) Кыргыз Республикасындагы өлкөлүк офисинин башчысы Артыкова Назира Пулатовна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланды. Сыйлыкты Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов салтанаттуу түрдө тапшырды

Эдил Байсалов өз сөзүндө Назира Артыкова Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн сыйлангандыгын белгиледи. Ал Кыргызстан коронавирустук инфекция пандемиясы менен күрөшүүгө кошкон анын салымын эч качан унутпай турганын белгилеп, ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргыз Республикасындагы кеңсесинин бардык кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

Белгилесек, Назира Артыкова Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргыз Республикасындагы өлкөлүк офисинин башчысы катары өзүнүн миссиясын аяктады.