24
Июнь
Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча кеңешинин жаңы курамы түзүлдү
Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча кеңешинин жаңы курамы түзүлдү.
Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды. Белгилей кетсек, бул чечим өлкөнүн жарандарын тамак-аштын негизги түрлөрү менен туруктуу жана үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында гана эмес, ошондой эле тамак-аш азыктарына болгон физиологиялык керектөөлөрдү эске алуу, аткаруу бийлик органдары макулдашылган калктын туура тамактануусу, оорулардын алдын алуу жана калктын жашоо сапатын жакшыртуу жаатында кабыл алынган .
Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу кеңешинин төрагасы болуп министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев бекитилди.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров белгилегендей, Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча кеңештин жаңы жыйыны жакынкы арада өткөрүлүшү керек.
Анын чечимдери сунуш катары эмес, азык-түлүк менен камсыз кылууга байланышкан проблемаларды чечүүгө салым кошкон практикалык мүнөздө болушу кажет. Жыйындын жүрүшүндө жалпысынан 25 маселе каралды, анын ичинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу бир катар ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери да бар.
Ошондой эле мыйзам алдындагы актыларды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын ишке ашырууга ылайык келтирүү боюнча чечимдер кабыл алынды. Мындан тышкары, ломбарддардын ишинин финансылык туруктуулук деңгээлин жогорулатуу максатында алардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн көбөйтүү чечими кабыл алынды.