24
Июнь
2022
"110" түз байланыш аркылуу билим берүү чөйрөсүнө тийиштүү маалыматтарды алууга болот
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү чөйрөсүндө калкка маалымат берүү үчүн түз байланыш телефонун ачат.
Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлеринин Кабинетинин кезектеги жыйынында бекитилди.
Кабыл алынган чечимге ылайык, каалоочулар "110" кыска номердеги түз байланыш аркылуу чалып, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине тийиштүү суроолорду берсе болот.