27
Июнь
Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартиби бекитилди
Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартиби бекитилди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Аталган чечим улуттук экономиканын субъекттерине колдоо көрсөтүү жана өнөр жай өндүрүшүнүн өсүү темпин жогорулатуу жолу менен өлкөнүн улуттук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган кризиске каршы чараларды ишке ашыруу максатында кабыл алынган.
Кепилдиктер Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонду тарабынан улуттук экономиканын субъекттерине берилет.
Кепилдик берүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан, кепилдик берүү үчүн болгон каражаттардын чегинде кабыл алынат. Кепилдик бюджеттик кредиттер боюнча карызы бар субъекттерге берилбейт.
Кепилдик аткаруу мөөнөтү 12 айдан ашпаган милдеттенмелер боюнча Кыргыз Республикасынын резиденттерине гана берилет.