27
Июнь
2022
Дүйшөмбү шаарында топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу өттү

Тараптардын жетишилген макулдашууларына ылайык, 2022-жылдын 21-26-июнунда Дүйшөмбү шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тийиштүү Протоколго кол коюлду.
Тараптар кезектеги жолугушууну Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүүнү макулдашты. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.