23
Июнь
2022
Мамлекеттик кызматкерлер сыйланды
Бүгүн 23-июнда Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жыйындар залында, 23-июнь мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленди.
Иш чарага, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Талас облусундагы кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлери катышты.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков өз куттуктоо сөзүндө : “Ар бир кызматкердин ишинин сапаты жогору болсо региондорду өнүктүрүүгө, адамдардын турмушун жакшыртууга багытталган долбоорлорду ишке ашыра алабыз. Ошондуктан өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө ар бирибиздин жоопкерчилигибиз чоң. Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап, сиздерге жана үй-бүлө мүчөлөрүңүзгө чың ден-соолук, бакубатчылык жана ийгилик каалайм!” деди.
Салтанаттуу жыйындын соңунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эльчибек Жантаевдин буйругу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын алдыңкы кызматкерлери “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги” төш белгиси жана Ардак грамотасы менен сыйланды.