28

Июнь

2022

Талас шаарында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

28-июнда Талас шаарында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Талас облусу боюнча Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын жаңы имаратынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
Салтанатка Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси Маэдо Сигеки, Кыргыз Республикасындагы Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча Башкармалыгынын Программалык кеңсесинин башчысы Андрей Селезнев, ошондой эле күч түзүмдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын облустук бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков  өз сөзүндө, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлерин  жаңы имараттын ачылышы менен куттуктады. Ошондой эле облус башчысы Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Маэдо Сигеки мырзага Япония өкмөтүнүн  каржылык көмөгү  менен   Бакай-Ата   районунун  Кызыл –Сай айылындагы  Үрмарал  дарыясына   курулуп жаткан  заманбап көпүрө үчүн жалпы  Талас облусунун  элинин атынан  ыраазылык билдирди.  
 Белгилей кетсек, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын жаңы имараты Япония өкмөтүнүн колдоосу менен БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын "Кыргыз Республикасында Баңгизаттарды контролдоо жаатында колдоо көрсөтүү" долбоорунун алкагында курулду.