18
Июнь
2022
Мамлекеттик кызматкерлер арасындагы ынтымак мелдеши Жумгал районунда
18-июнда Жумгал районунда облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаевдин өтмө кубогуна арналып мамлекеттик кызматкерлер арасында уюштурулган спорттук мелдеш башталды.
Президентибиздин "Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы" Жарлыгын аткаруу максатындагы спорттун футбол, волейбол, шахмат жана аркан тартыш түрлөрү боюнча уюштурулган мелдешке ыйгарым укуктуу өкүлдүн, райондук мамлекеттик администрациялардын жана Нарын шаардык мэриясынын аппаратынын кызматкерлери жигердүү катышууда.
Спорттук иш чараны ачкан облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев ынтымак мелдешинин максаты мамлекеттик кызматкерлерин спортко тартуу жана райондордогу мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин ынтымагын бекемдөө экендигин айтып, командаларга ийгилик каалады.
Белгилей кетсек, ынтымак мелдеши 2021-жылдын октябрь айында Нарын шаарында КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын уюштуруусу менен өткөрүлгөн. Андан кийин үстүбүздөгү жылдын 28-майында Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан уюштурулган. Кийинки мелдештер салттуу түрдө башка бардык райондордо өткөрүлмөкчү.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.