22
Июнь
2022
Нарында кышка камылга башталды
22-июнда Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча облустук штабдын отуруму болуп, быйыл кышка камылганы эртелеп көрүү боюнча бардык тиешелүү тармактарга милдеттер коюлду.
Жыйынга райондордун акимдери, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, көмүр өндүргөн мамлекеттик жана жеке ишканалардын өкүлдөрү катышты.
Отурумда облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев өткөн жылы калкты көмүр отуну менен камсыздоодо көптөгөн кыйынчылыктар жаралгандыгын, быйыл облустун экономика тармагын жана калкын электр энергиясы, көмүр отуну менен камсыздоодо чоң милдеттер турганын, ошондуктан кышка камылганы биргеликте колго алып, ыкчам иш алып баруу зарылдыгын баса белгиледи. Көмүр ишканаларынан былтыркыдай кечиктирбей көмүр казуу ишин эртелеп баштап, көмүр отуну менен толук камсыз кылып берүүлөрүн өтүндү.
Ошондой эле быйыл облустун бюджеттик мекемелерине, жылуулук ишканаларына жана калкына жалпы 116 миң 54 тонна көмүр отуну керектелээрин, андыктан көмүр кендериндеги көмүр казуу ишинин абалы, көмүрдү сатып алууга республикалык жана жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарынын бөлүнүшү, тендерлерди өткөрүү, келишимдерди түзүү, көмүр тартуу иштерин уюштуруу, отканалардын кышка даярдыгы, элге көмүр отунун сатуучу кампаларды даярдоо иштерин кечиктирбей баштоону акимдерге жана тиешелүү мекеме жетекчилерине милдеттендирди.
Штабдын отурумуна катышкан “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын директору Элдияр Калдарбеков быйыл Кыргыз Респубикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен Жумгал районундагы “Агулак” көмүр кенин иштетүү “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасына берилгенин, быйыл аталган көмүр кесиминен 50 миң тоннадан 100 миң тоннага чейин көмүр өндүрүү пландалып жатканын, мындан сырткары “Турук” көмүр кенин өткөрүп алуу боюнча да аракеттер болуп атканын маалымдады. Ошондой эле азыркы максат Нарын облусун биринчи кезекте көмур отуну менен камсыздоо экенин айтып, буюрса 1-июлдан баштап Бишкек ТЕЦке көмүр берип башташаарын, Нарын облусу август айынын ичинде тартып алуулары керектигин билдирди.
Ал эми “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын “Кара-Кече” филиалынын жетекчиси Болот Мукамбет уулу быйыл Министрлер Кабинетинин токтому апрель айында эле чыкканын, муну менен жакшы мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн, буюрса Нарын облусунун бюджеттик мекемелерине июль айынан баштап эле тарта берүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин айтты.
“Турук” көмүр кениндеги “Кенч-Строй”. “Турук-Майнинг” ишканаларынын өкүлдөрү да быйыл эрте даярдашаарын жана жергииктүү бийлик жолду оңдоп берсе деген өтүнүчүн билдиришти.
Штабдын отурумунда электр энергиясы, экология маселелери, көмүрдун баалары, жолдордун, көпүрөлөрдүн абалын жакшыртуу, көмүр тартууга райондордун жана Нарын шаарынын, ошондой эле социалдык мекемелердин даярдыгынын абалы, жылуулук берүү ишканасынын даярдыгы сыяктуу бардык көйгөйлүү маселелер ортого салынып, камылганы ыкчамдатуу тапшырмалары берилди.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.