01
Июль
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров: Ар бир чек – бул сиздердин өлкө экономикасына кошкон салымыңыздар, бул экономикалык патриотизмдин көрүнүшү
Ар бир чек – бул сиздердин өлкө экономикасына кошкон салымыңыздар, бул экономикалык патриотизмдин көрүнүшү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында өткөн “Чекти талап кыл – байгени утуп ал!” лотерея ойнотуунун биринчи баскычынын жүрүшүндө билдирди.
Ал кошумчалагандай, быйыл биргелешкен аракеттердин натыйжасында өлкөнүн консолидацияланган бюджетинин ресурстары 400 млрд сомго жеткен.
«Коомчулуктун сынына жана митингдерге карабастан фискалдык кызмат планды ашыкча аткарып, салык жыйноо боюнча коюлган тапшырманы аткарууну улантууда. Биз жеңишке жетебиз», - деди Министрлер Кабинетинин башчысы.
Андан соң лотереянын 1-этабынын баш байгеси – автоунаа ойнотулуп, аны Нарын облусунун Ат-Башы районунун тургуну Эрнист Жаныбаев утуп алды.
Акылбек Жапаров жеңүүчүнү телефон аркылуу куттуктап, бул жеңиш бүтүндөй өлкө үчүн символикалуу болоорун белгиледи.
Экинчи унааны Айза Жуманова жеңип алды, аны менен уюлдук телефон аркылуу байланышууга мүмкүн болгон жок.
Акылбек Жапаров лотереянын бардык катышуучуларына ыраазычылык билдирип, бул болгону 1-этап гана экенин, 2022-жылдын октябрь айында лотереянын башкы байгеси – республиканын борборунан батир ойнотула турганын белгиледи.
«Лотереяга катышып, чектерди чогулткандардын баарына ыраазычылык билдиргим келет. Карапайым элдин патриоттук духунун аркасында өлкөбүз өнүгүүнүн туу чокусуна жетип, санариптик технологиялар дүйнөсүнө татыктуу кадам таштасын», - деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.