04

Июль

2022

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров жаңы дайындалган Нарын облусунун башчысын эмгек жамаатка тааныштырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жаңыдан дайындалган Президенттин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешовду өкүлчүлүктүн аппаратына тааныштырды. Акылбек Жапаров алгач Кыргыз Республикасынын Президентти Садыр Жапаровдун жетекчилерди бошотуу жана дайындоо боюнча жарлыктарын окуп берди.
 
 Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун буйругуна ылайык Сабыркул Ашимбаев Президенттин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызмат ордунан бошотулган.
 
 "Сабыркул Ашимбаев Нарын облусун кыйын кырдаалда келип башкарып, Президенттин командасынын катарында бир топ жумуштарды аткарууга жетишти. Эми өз жумушун Президенттик Аппаратта улантат. Нарын кендерге бай аймак, Кара-Кечеде 850 млн тонна көмүр кору бар. Мындан сырткары Жетим-Тоо, Сандык кендери да турат, өрөөнгө 32 ГЭС курса болот. Нарынды өндүрүш-энергетикалык аймакка айлантуу боюнча мурунку жетекчинин демилгелерин жаңы дайындалган жетекчи ишке ашырат деген ишеничтемин. Президентибиздин чечими менен Күмтөрдүн эсебинен Нарын облусун өнүктүрүү фондуна да каражат которула баштады. Быйыл жыл соңуна чейин 500 млн сом бөлүнөт, бул каражаттарды өнүктүрүү жана бизнес долбоорлорго жумшоону сунуш кылам" -деди Акылбек Жапаров.
 
 Мындан сырткары министрлер кабинетинин башчысы өлкөдөгү саясий экономикалык жагдайга токтолуп, жергиликтүү бийликти мамлекеттин саясатын элге туура жеткирүүдө түшүндүрүү иштерин алып берууну белгиледи.