05
Июль
Жалал-Абадда камсыздандыруу төлөмүнүн сертификаттары тапшырылды
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев ушул жылдын май айындагы катуу жааган жамгырдын кесепетинин Сузак районунун Атабеков, Барпы жана Сузак айылдагы селден жабыркаган беш тургунга 50 миңден 450 миң сомго чейики акча каражатынын сертификаттарын тапшырды.
Облус башчысынын орун басары турак-жайларды миледттүү камсыздандыруунун артыкчылыктарына токтолуп, мында эң башкысы мамлекет тарабынан жарандардын кызыкчылыгы корголоорун айтты. Өрттүн жана табигый кырсыктардын натыйжасында турак жайдын бузулушуна же жок болушуна байланышкан жоготуулардын ордун толтуруу үчүн, камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп баруу керектигин белгиледи.
Турак-жайды бир жылга камсыздандыруу шаарда 1200 сом, айыл жергесинде 600 сомду түзөт. Табият кырсыгы катталган учурда камсыздандыруу уюму айыл жергесинде 500 миң сомго чейин, шаарда 1 миллион сомго чейинки зыяндын ордун толуктап берет. Каражат бөлүү келтириген чынымдын деңгээлине жараша бөлүнөт.