06
Июль
2022
Медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди
Бүгүн, 6-июлда Талас шаарындагы Атай Огомбаев атындагы музыкалык мектебинде Бүткүл дүйнөлүк медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Дастан Жумабеков, Марат Мураталиев жана Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Кыял Жанузакова катышты.
Кыял Жанузакова өз куттуктоосунда: “Көптөгөн кесип ичинде адам баласынын өмүрү жана анын саламаттыгы менен түздөн түз байланышкан медицина тармагынын адистик жагынан да, илимий-практикалык жагынан да, ошондой эле, жоопкерчилик жагынан да башкалардан кыйла айырмаланып турган өзгөчөлүү жактары бар. Андыктан, медицинанын кайсы тармагында болбосун, өзүңүздөрдү ишбилги адис, жөнбилги адам катары кадыр барк күтүп, калк камы үчүн күйгөн, мекенчил инсан экендигиңиздерди ар дайым тастыктап келесиздер!” - деди.
Кыргыз Республикасынын Президентини Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбековдун буйругу менен медицина кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата жана калкка жакындан медициналык жардам көрсөтүүдөгү жетишкен ийгиликтери үчүн:
- "Эң мыкты медициналык мекеме" номинациясы жана өтмө кызыл туу менен Кара-Буура жалпы дарыгерлик практикалык борбору сыйланды.
- “Эң мыкты облустук мекеме” номинациясы менен Талас облустук эмгек ардагерлерин жана майыптарын дарылоо ооруканасы сыйланды.
- "Эң мыкты санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору" номинациясы менен Бакай-Ата райондор аралык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору сыйланды.
- "Эң мыкты жамаат" номинациясы менен Талас облустук үй-бүлөлүк медицина борбору сыйланды.
- "Эң мыкты үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу" номинациясы менен Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылындагы К, Молдокулов №7 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу сыйланды.
- "Эң мыкты бөлүм" номинациясы менен Талас облустук биргелешкен ооруканасынын травмотология бөлүмү сыйланды.
Мындан тышкары бир нече дарыгерлер
- "Эң мыкты жетекчи" , " Эң мыкты насаатчы-дарыгер", " Эң мыкты дарыгер" номинациялары жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды. Салтанатуу иш чара маданият кызматкерлеринин концерттик программасы менен коштолду.