09
Июль
Бакыт Төрөбаев: Бүгүнкү бийликтин бардык күч-аракети элдин жашоо шартын жакшыртууга багытталган
«Бүгүнкү бийликтин бардык аракети элдин жашоо шартын жакшыртууга багытталган», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда.
Жолугушуга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Азиз Турсунбаев, облустук жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар бала бакча, мектеп сыяктуу социалдык объектилердин жетишсиздигин, медициналык жардам алуудагы көйгөйлөрдү жоюу зарылдыгын айтышты. Оозеки жана арыз түрүндө берилген суроолордун олуттуу бөлүгү тоо-кен ишканаларынын ишмердүүлүгүнө жана ишке орноштурууга, укук коргоо жана сот органдарынын ишине тиешелүү болгон.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев ар бир түшкөн кайрылуу каралып, учурдагы мыйзамдардын алкагында аларга юридикалык баа берилерин белгиледи.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өлкөдө ишке ашырылып жаткан ири долбоорлор биринчи кезекте жарандардын жашоосун, анын ичинде турак-жай шарттарын жакшыртууга багытталганын белгиледи.
«Учурда Ала-Бука районунда республикалык бюджеттин жана тартылган инвестициянын эсебинен бир катар социалдык объектилер курулуп жатат. Бул иш улантылат. Бүгүнкү жыйында көтөрүлгөн маселелер да баскычтуу түрдө чечилет», - деди ал.
Белгилесек, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда 110 миңге жакын калк жашайт.