09

Июль

2022

Бакыт Төрөбаев баштаган мамлекеттик органдардын жетекчилери Чаткал районунун тургундары менен жолугушуп, көйгөйлөрүн укту

Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун тургундары менен жолугушту.

Жыйынга 300гө жакын жергиликтүү тургундар катышып, аймактагы бир катар  көйгөйлөрдү көтөрүштү. 

Анда алыскы райондо жеткиликтүү медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн жоктугу, укук коргоо органдарына, соттун чечимдерине, тергөө сапатынын начардыгына болгон нааразычылыктары белгиленди. 

Мындан сырткары аймактагы кен иштетүүдөгү чырлуу жагдайлар, ичүүчү таза сууга жетүүнү камсыздоо, Ала-Бука–Каныш-Кыя жолун оңдоо, ички каттамдагы сапатсыз курулган жолдор жана жеке маселелерин айтышты.

Бакыт Төрөбаев жолугушууларда көтөрүлгөн  ар бир маселе объективдүү каралып, тийиштүү чечимдер кабыл алынаарын маалымдады. Ал белгилегендей, эл менен жолугуу жана анын натыйжалуулугуна жетүү Кыргыз Республикасынын Президентинин жеке көзөмөлүндө экендигин баса белгиледи. 

Жолугушуу алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Ала-Бука–Жаңы-Базар жолунун беш чакырым аралыгын асфалттоо, Ак-Таш, Сумсар, Курулуш жана Терек-Сай айылдарына таза суу жеткирүү боюнча долбоор бекитилгенин билдирди. 

Анын айтымында, аймакты Талас облус менен бириктирүүчү каттамды жакшыртуу долбоору каралууда. Мындан сырткары аткарылуучу бир катар ири долбоорлор тууралуу маалымат берди.

Чаткал районунун тургундары көтөргөн көйгөйлөрүн эске алуу менен алдыда кен казууга берилген лицензиялар жана жол оңдоого байланыштуу коррупциялык аракеттерди териштирүү иштери жүрөөрү айтылды.